Биз социалдык тармакта

Холанддын сүрөтү түшүрүлгөн кокаиндин ири партиясы кармалды

Эквадордун полициясы норвегиялык футболчу Эрлинг Холанддын сүрөтү түшүрүлгөн таңгактарга салынган ири көлөмдөгү кокаинди кармады.

Маалыматка караганда, укук коргоо кызматкерлери жүк ташуучу унаадан жалпы салмагы 469 килограмм болгон 370 брикет баңгизат табышкан. Ар бир таңгакка Холанддын сүрөтү чапталган.

Баңгизаттын кара базардагы баасы болжол менен 17 миллион евро деп бааланууда.

Жүктү ташып бара жаткан эквадордук аял кармалып, ага байланыштуу тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан