Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 2026-жылдын 7 айында 2 миң 100дөн ашуун профилактикалык иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чаралар баңгизаттарды колдонуунун жана мыйзамсыз жүгүртүүнүн алдын алууга багытталган.
Анын алкагында окуучулар, студенттер жана ата-энелер үчүн 600дөн ашуун лекция жана маалыматтык-түшүндүрүү жолугушуусу уюштурулган. Ошондой эле сергек жашоо образын жайылтуу максатында 60 спорттук иш-чара өткөрүлгөн.
Мындан тышкары, жарандар көп чогулган жерлерде, дарыканаларда жана көңүл ачуучу жайларда 1 миң 300дөн ашуун рейд жүргүзүлгөн.
ИИМ баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана колдонууга каршы профилактикалык иштерди улантарын билдирди.