Бүгүн, 13-августта, президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Ички Монголиянын Талаа маданиятын коргоо жана өнүктүрүү фондунун жана Гонконг Жокей-клубунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
Жолугушууда тараптар өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү жана инвестициялык багыттагы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жолугушуунун башка деталдарын билдирген эмес.