Кечээ, 31-январда старт алган Бишкектеги жаштар арасында грек-рим күрөшү боюнча шаар биринчилиги 1-февралда жыйынтыкталат. Бул тууралуу шаардык спорт комитетинен билдиришти.
Мелдеш Раатбек Санатбаев атындагы Свердлов райондук спорттук мектебинин залында өтүүдө. Анда 17 жашка чейинки жаш балбандар 10 салмак категориясы боюнча жарышка түшүшөт.