Биз социалдык тармакта

Муниципалдык мүлктү мыйзамсыз күрөөгө койгон аткаминерлерге кылмыш иши козголду

Жети-Өгүз районунда Барскоон айыл өкмөтүнүн балансындагы мүлктү мыйзамсыз күрөөгө берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу 17-августта Башкы прокуратурадан маалымдашты.
Берилген маалыматка ылайык, 2022-жылы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекция Ж.К. аттуу жаранга 2 миллион 500 миң сом өлчөмүндө пайызсыз кайтарымдуу финансылык жардам берген. Анын кайтарылышын камсыздоо максатында Барскоон айыл өкмөтүнүн балансындагы мончо күрөөгө коюлган.
Буга байланыштуу Барскоон айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын жана Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциянын жооптуу кызмат адамдарынын аракеттеринде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануунун белгилери аныкталды.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан