Биз социалдык тармакта

Япония гиперүндүү ракеталарын Австралияда сынайт

Бүгүн, 18-августта чет элдик басылмалар Япония Австралиянын аскердик полигондорун өзүнүн ракеталарын, анын ичинде гиперүндүү куралдарын сыноо үчүн пайдаланууну пландап жаткандыгы тууралуу жазышты.

Австралиянын коргоо министри Ричард Марлз эки өлкө бул багытта активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген. Япониянын коргоо министри Синдзиро Коидзуми макулдашуу ишке ашса, өлкө үчүн маанилүү кадам болорун айткан.

Япония Австралиянын ракеталык полигондорун кийинки 10 жыл ичинде өзүнүн ракеталарын сыноо үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча макулдашуу түзүп, келишимдер каралууда.

Белгилей кетсек, Япония менен Австралия АКШ жана Индия менен бирге QUAD коопсуздук диалогуна кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан