Бүгүн, 18-августта Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылында турак үйдөн өрт чыкты. Маалыматты ӨКМдин аймактагы башкармалыгынан тастыкташты.
Өрттү өчүрүүгө саат 07:24тө 1 бөлүм тартылып, саат 09:13тө толугу менен өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен болжол менен 100 чарчы метр аянттагы турак үйдүн чатыры жана терезе жыгачтары күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.