Биз социалдык тармакта

Өкмөт башчы жетекчилерди ээрчитип Чыңгыз Айтматовдун музейине барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев дүйнөгө таанымал жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Бишкек шаарындагы үй-музейине барды.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Адылбек Касымалиев менен бирге үй-музейге мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жана бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери да барышкан. Алар үй-музейдин учурдагы абалы, музей материалдарын сактоо шарттары, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун ишмердүүлүгү жөнүндө баяндаган экспозиция менен таанышышкан.

Ал жакта музей комплексинин инфраструктурасын өнүктүрүү келечеги боюнча маселелер талкууланган. Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан