АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына 18-августта Ормуз кысыгынын картасын жарыялады.
Картада Иран менен Омандын ортосунда жайгашкан Ормуз кысыгы тегеректелип, сүрөттүн үстүнө англис тилинде “New U.S. Territory” - “АКШнын жаңы аймагы” деген жазуу коюлган.
Трамп бул билдирүүсү менен эмнени так көздөгөнүн кошумчалап түшүндүргөн эмес. Ормуз кысыгы дүйнөдөгү мунай ташуунун маанилүү деңиз жолдорунун бири болуп саналат.