
Кадамжай районунда акча жана зергер буюмдарды уурдоого шектелип 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү июнь айынын аягынан июлдун ортосуна чейинки аралыкта Үч-Коргон айыл аймагындагы 7 үйгө уурулукка кирген. Анын кесепетинен жабырлануучулар жалпысынан 700 миң сомдон ашуун чыгым тартышкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөдө жабырлануучуларга зер буюмдары кайтарылып берилген.