Өкмөт башчы: “Кумтөр” боюнча жаңы келишимди Жогорку Кеңеш колдобой койсо, 80 миллион доллардан куру калабыз”

Эгер парламент “Кумтөр” боюнча жаңы макулдашууну колдобой койсо, азыркы режимде (33х67) алтын кени иштей берет. Муну өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев КСДП фракциясынын 31-январдагы жыйынында айтты.

“Биз анда ишканага көзөмөлдүк кыла албайбыз, анткени директорлор кеңешинде 3 гана мүчөбүз бар. Алардын добушу эч нерсени чечпейт. Ошондой эле казынага бир жылда түшчү 88 миллион долларды жоготобуз”,- дейт премьер.

 

Эскерте кетсек, 2013-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңеш үлүштү 67 пайызга жеткирүү, болбосо келишимден бир тараптуу чыгууну демилгелөөнү өкмөткө тапшырган. “Центерра” менен сүйлөшүүгө барган өкмөт бул тапшырманы аткара алган жок. Биргелешкен ишкана түзүп, үлүштү теңме-тең бөлүүнү сунуштап жатат. Маселе парламентте 5-февралда каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан