Өлкөдө социалдык кызматкерлердин орточо эмгек акысы 40 миң сомго чейин жогорулады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, буга чейин социалдык кызматкерлердин орточо айлык акысы 12 миң сомдун тегерегинде болгон. Учурда республика боюнча 545 социалдык кызматкер эмгектенет. Бул бекитилген штаттык бирдиктердин 99 пайызын түзөт.
"Отчёттук мезгилде алар турмуштук оор кырдаалда турган 3,6 миң баланы аныкташкан. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 1702 баланы мындай кырдаалдан чыгарууга жетишилди", - деп айтылат маалыматта.