Иван Айвазовскийдин сүрөтүн уурдаган адам милицияга келип, өз күнөөсүн мойнуна алды. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 31-январда билдирди.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү Чүй облусунун 30 жаштагы тургуну Ф.Рафаэль болгон.
Анын айтымында, 2013-жылдын 26-декабрь күнү 40 сом төлөп музейге кирген. Анан экинчи кабатка көтөрүлүп, ал жакта эч ким жок экенин байкаган. Сүрөттү бычак менен кесип, кийиминин ичине салып чыгып кеткен. Сүрөттүн баалуу экенин массалык маалымат каражаттары аркылуу билгенин айткан. Сүрөттү музейге алып келүүнү чечкен, бирок музейде милиция кызматкерлери болгонунан улам "Дело №” гезитинин редакциясына таштап кеткен.
Эске сала кетсек, 2013-жылдын 26-декабрында Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде Иван Айвазовскийге таандык сүрөт уурдалган. Ал “Крымдагы деңиз пейзажы” деп аталат. Сүрөт музейдин экинчи кабатындагы орус көркөм сүрөт залында илинип турчу.