Биз социалдык тармакта

Өкмөт башчы Караколдо паркты жана тарыхый музейди ачты

Кечээ, 21-августта министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдүн Каракол шаарында тарыхый музейдин жана эс алуу жайдын салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, музейди оңдоо иштерине 159 миллион сом бөлүнгөн. Натыйжада, объект комплекстүү жаңыртылып, имараттын архитектуралык келбети жакшыртылган. Имарат XIX кылымдын аягына мүнөздүү архитектуралык өзгөчөлүктөрдү сактап калган тарыхый курулуш болуп саналат. Ал эми Пушкин атындагы эс алуу жайын жаңылоого 450 миллион сом жумшалган.

Өкмөт башчы Караколдо паркты жана тарыхый музейди ачты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан