Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы Москва районунда милиция кызматкерлери жаранды сабаган делген маалыматты четке какты.
Облустук милиция окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат таратты. Анда укук коргоо органдарынан сабалганын айткан жарандын үстүнөн май айында мурдагы жубайы арызданганы айтылат. 39 жаштагы киши мас болуп, мурунку колуктусунун тынчын алган.
Натыйжада шектүү камакка алынып, аял кишиге коргоо ордери берилген. Ошентсе да шектүү ден соолугуна байланыштуу ооруканага жеткирилип, анын соматикалык оорусу бар экендиги аныкталган. Анын ооруканада дарылануусуна байланыштуу материалдарды кароо убактылуу токтотулуп, дарылануудан чыккандан кийин тиешелүү тартипте соттук кароого жөнөтүү пландалган.
Бирок шектүү милиция кызматкерлери тарабынан ага карата күч колдонулгандыгы тууралуу арыз менен кайрылган. Аталган арыз боюнча УКМК кызматкерлери тарабынан тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында милиция кызматкерлери тарабынан шектүүнү сабоо фактысы тастыкталган эмес.