Өлкө башчы Садыр Жапаров "Бишкек арена" стадионунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярдык көрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Мамлекет башчысынын администрациясы тараткан маалыматка караганда, президент кечээ, 22-августта стадиондун инфраструктурасы менен таанышып, анын аймагында жайгашкан негизги объектилерди, анын ичинде комплекстин негизги коомдук зоналарынын бири болгон соода борборун көрүп чыкты.