Токмок шаарынын борбордук аянтында мушташууга шектелип 19 жаштагы эки жана 18 жаштагы уландар кармалышты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 22-августта болгон. Анда достор аянттан жолугуп калышып, пикир келишпестиктен мушташа кетишкен. Аларды өтүп бара жаткандар ажыратып калышкан.
Милиция уландарды таап, факты каттоого алынган. Үч улан тең тосмо арыз жазышып, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан. Мындан улам алардын ишинде кылмыштын курамы жок деп табылган.