Биз социалдык тармакта

Кумтөрчүлөр чет элдик туристтерди куткарышты

"Кумтөр" компаниясынын кызматкерлери Ысык-Көлдүн Кара-Сай өрөөнүндө кооптуу кырдаалга кабылган нидерландылык эки туристти куткарышты. Бул тууралуу аталган ишкана кабарлады.
Маалымдалгандай, 21-августта туристтер Барскоон капчыгайы аркылуу Сыртты көздөй жолго чыгып, кийин эл аралык жардам сигналын беришкен. 22-августта эртең менен Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алардын соңку координаттарын "Кумтөр" компаниясына жиберип, жардам сурап кайрылган.
Натыйжада "Кумтөрдүн" сегиз кызматкери үч унаа менен жолго чыгып, түшкө маал туристтерди табышкан. Аларга керектүү жардам көрсөтүшүп, Ак-Шыйракты көздөй кеткен негизги жолго чейин коштоп барышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан