Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү калемгер, публицист жана журналист Калканбай Ашымбаев дүйнө салды. Бул тууралуу 23-августта Маданият министрлигинен маалымдашты.
Калканбай Ашымбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 25-августта саат 10:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Акыркы сапарга узатуу зыйнатынан соң маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.