Өзгөндө мурда кылмыш жасап, пробация органынын көзөмөлүндө турган жаран опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Ош облустук милициясынан билдиришти.Маалыматка караганда, 2008-жылы туулган И.З. Н.Х. аттуу жарандын аял киши менен отурган видеосун өчүрүү үчүн 20 миң сом талап кылган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголду.
Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү 22-августта 15 миң сом алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө уланууда.