Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Саймалуу-Таш петроглифтерине барчу жолдор оңдолот. Бул тууралуу кечээ, 23-августта облус башчысы Тилек Текебаев билдирди.
Анын айтымында, учурда жолдун татаалдыгы туристтерге тоскоолдук жаратууда. Жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүп, жөө жана атчан туристтерге шарт түзүлөт.
"Жалпы 7 гектар аянтты ээлеген тоо башындагы тарыхый жай миңдеген туристтердин кызыгуусун жаратып, аймактын туристтик потенциалын арттырууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт",- деп айтылат маалыматта.