Балыкчы шаарында Кыргызстандын жети облусунун тарыхын жана маданиятын чагылдырган жаңы этно-комплекс курулуп жатат.
Бүгүн, 24-августта Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, долбоордун сапаттуу ишке ашырылышына көңүл бурганын мэриядан билдиришти.
Долбоорго ылайык, комплекстин кире беришине "Ак-Кеме" формасындагы өзгөчө арка курулууда. Ал эми этно-комплекстин аймагында өлкөнүн жети облусунун тарыхын, каада-салтын жана маданий өзгөчөлүгүн чагылдырган экспонаттар жайгаштырылат.