Биз социалдык тармакта

"Ырыс Ордо" конгресс-борборунун салтанаттуу ачылышы өтүүдө

Бүгүн, 24-августта Бишкек шаарында "Ырыс Ордо" мамлекеттик конгресс-борборунун салтанаттуу ачылыш аземи өтүүдө.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана башка расмий өкүлдөр катышууда.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө "Ырыс Ордо" конгресс-борборунун Кыргызстандын 35 жылдыгына карата курулуп бүтүшүн жакшы жышаан катары баалады.

Мамлекет башчысы жаңы комплекс эл аралык жана мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзүп, өлкөнүн коомдук-саясий жана маданий жашоосунда маанилүү орун ээлей турганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан