Бүгүн, 24-августта Бишкек шаарында жаңы курулган “Ырыс Ордо” мамлекеттик конгресс-борборунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Иш-чарага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жана депутаттар, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, коомдук-саясий ишмерлер жана чакырылган коноктор катышты.
Ачылыш аземинин алдында коноктор конгресс-борбордун имаратын аралап, анын негизги залдары жана заманбап инфраструктурасы менен таанышты. Салтанаттуу иш-чара борбордун 1238 орундуу “Курултай” залында өттү.
Маалыматка караганда, көп функционалдуу “Ырыс Ордо” конгресс-борбору 39 миң чарчы метрден ашык аянтты ээлейт. Ал бир эле учурда 2 миңден ашуун конокту кабыл алууга ылайыкталган.
Борбордо 1238 орундуу конференц-зал, 1 миң орундуу банкеттик зал, 235 орундуу басма сөз залы жана жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүүгө арналган башка заманбап залдар бар.
Мындан ары бул жерде Элдик курултайдын жыйындары, мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги жолугушуулар, эл аралык форумдар жана өлкө үчүн маанилүү коомдук-маданий иш-чаралар өткөрүлөт.
Жаңы борбордун ишке берилиши Кыргызстанда ири мамлекеттик жана эл аралык иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.