Биз социалдык тармакта

Корумдуда 2 альпинисттин сөөгүн түшүрүү иштери башталды (видео)

Корумду чокусунда дайынсыз болуп жаткан альпинисттерди издөө жана алардын сөөгүн түшүрүү иштери башталды. Бул тууралуу издөө иштерине катышып жаткан Александр Смирнов соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 24-августта тик учак 4300 метр бийиктиктеги мөңгүгө 5 альпинисттен турган топту жеткирген. Алар ал жерге лагерь куруп, издөө иштерине киришкен.

Кечке жуук куткаруучулар 2 альпинисттин сөөгүн табышты. Учурда үчүнчү альпинистти издөө жана табылган 2 альпинисттин сөөгүн түшүрүү иштери уланууда.

Эске салсак, 1-августта үч альпинист Корумду чокусуна көтөрүлгөн. Алар Беларустан келген Максим Полянский, Николай Свиридов жана Литвадан келген Сергей Рубцов. Альпинисттер 2-августта акыркы жолу байланышка чыгышкан. Окуя тууралуу кошумча маалымат бул жакта.

Корумдуда 2 альпинисттин сөөгүн түшүрүү иштери башталды 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан