Биз социалдык тармакта

Филипп Киркоров 20 жаштагы "Орусия сулуусуна" сезимин билдирди (видео)

Бүгүн, 25-августта орусиялык ырчы Филипп Киркоров 20 жаштагы "Орусия сулуусу-2024" Валентина Алексееваны өзүнүн "музасы" жана "сулуулуктун ханышасы" деп атап, ага болгон сезимин ачык билдирди. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

59 жаштагы ырчы Алексееваны "Жаңы толкун" фестивалынын алкагындагы концерт учурунда сахнага чакырып, көрүүчүлөрдүн алдында ага сүйүүсүн билдирген. Ырчы менен моделдин жаш айырмасы 39 жылды түзөт.

Алексеева бул учурду күтүүсүз жана өмүр бою эсинде кала турган окуя катары баалаган.

Буга чейин, 15-августта Филипп Киркоров Валентина Алексееванын 20 жашка толгон туулган күнүндө ага бриллианттар менен кооздолгон Rolex саатын белек кылган.

Филипп Киркоров 20 жаштагы "Орусия сулуусуна" сезимин билдирди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан