Кыргызстанда көк бөрү оюндарын көрсөтүүнүн жаңы технологиясы ишке киргизилди. Алгачкы жолу POV-камера улакчынын баш кийимине орнотулуп, оюн түздөн-түз спортчунун көз карашы менен тартылат.
Технология Номад ТВ жана Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы тарабынан биргеликте иштелип чыкты.
Эми көрүүчүлөр улакчынын көзү менен оюндагы ылдамдыкты, күч сынашууну жана атаандаштыкты сезе алышат. Бул көк бөрүнүн трансляциясын жаңы деңгээлге чыгара турган жаңы ыкма.