Кечээ, 24-августта Ош облусунун Кара-Суу районунда Савай каналына 23 жаштагы жигит түшүп кеткен. Маалыматты ӨКМдин аймактагы башкармалыгы тастыктады.
Окуя тууралуу маалымат түшкөндөн кийин жерине куткаруучулар тартылып, издөө иштери жүргүзүлгөн. Бүгүн, 25-августта куткаруу иштерине жалпы 59 адам тартылган.