Биз социалдык тармакта

Эл жазуучусу Калканбай Ашымбаевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду

Бүгүн, 25-августта Кыргыз Эл жазуучусу, белгилүү калемгер жана журналист Калканбай Ашымбаев акыркы сапарга узатылды.

Маданият министрлиги билдиргендей, коштошуу зыйнаты Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтүп, ага мамлекеттик кызматкерлер жана маданият тармагынын өкүлдөрү, маркумдун кесиптештери, туугандары жана жакындары катышты.

Ашымбаев кыргыз адабияты менен журналистикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошуп, өмүрүнүн көп бөлүгүн проза, публицистика жана фельетон жанрларына арнаган. Ал Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу жана бир катар ардак наамдардын ээси болгон.

Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан