Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев АКШнын президенти Дональд Трампка салттуу өзбек стилинде жасалган павильондорду белек кылды. Бул тууралуу 24-августта өзбек басылмалары The New York Times басылмасына таянып жазышты.
Белектер Вашингтондогу Уэст-Потомак сейил багына орнотулат. Бул жерде АКШнын администрациясы "Америкалык баатырлардын улуттук багын" түзүүнү пландап жатат. АКШнын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, сейил бакка келгендер бул белектерди ушул күздөн тарта көрө алышат.
Ошондой эле, Өзбекстандын АКШдагы элчиси Фуркат Сидиков бул белек эки өлкөнүн достугунун жана стратегиялык өнөктөштүгүнүн символу экенин билдирген.