Биз социалдык тармакта

"Ак шумкарлардын" башкы машыктыруучусу Роберт Просинечки кызматынан кетти

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Роберт Просинечки кызматтан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Маалым болгондой, биримдиктин Аткаруу комитетинин чечими менен КФБ жана Просинечки кызматташууну токтотуу боюнча өз ара макулдашууга келишти.

Эскерте кетсек, Просинечки улуттук кураманын башкы машыктыруучусу болуп 2025-жылдын 10-декабрында дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан