Биз социалдык тармакта

"Евразия" уюму VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий өнөктөшү болду

"Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюму Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий өнөктөшү болду.

Кызматташуу тууралуу келишимге "Евразия" уюмунун Кыргызстандагы аймактык кеңсесинин директору Кымбат Урумкулова жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов кол коюшту.

Кымбат Урумкулова "Евразия" үчүн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий өнөктөшү болуу чоң сыймык экенин белгиледи.

"Кыргызстан бул эл аралык долбоордун мекени. Ал эми көчмөндөр оюндары ар түрдүү өлкөлөрдүн элдеринин спортун, маданиятын жана салт-санаасын бириктирет. Биз үчүн бул кызматташтык дүйнө жүзүндөгү адамдарга маданий мурасты сактоого жана аны таанытууга багытталган ири иш-чаралардын бирин колдоого мүмкүнчүлүк берет. Өзгөчө маанилүүсү - бул өнөктөштүк дал Кыргызстанда өнүгүп жатканы. Анткени “Евразия” бул өлкөдө билим берүү, маданият жана социалдык багытта бир катар демилгелерди ишке ашырып келет", - деди ал.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Буга чейин Кыргызстан Көчмөндөр оюндарын 2014, 2016 жана 2018-жылдары өткөргөн.

"Евразия" уюму Евразия аймагында эл аралык кызматташтык боюнча ар түрдүү программаларды ишке ашырат. Кыргызстанда уюм Бишкек жана Нарын шаарларында орус тили жана маданияты боюнча Евразия борборлорун ачкан.

Мындан тышкары, республиканын алыскы аймактарындагы балдар үчүн 100дөн ашык мектеп автобусун өткөрүп берген жана социалдык дүкөндөрдүн тармагын түзгөн.

2025-жылы ЕАЭБдин түзүлгөнүнө 10 жыл толгонуна жана Орусия менен Кыргызстандын достугунун урматына "Евразия" уюму Бишкекке жакын жерде "Евразия" үй-бүлөлүк аттракциондор паркын курган. Ал Борбор Азиядагы эң ири эс алуу жайларынын бири болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан