Биз социалдык тармакта

Өлкөдө мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран айыпка жыгылды (видео)

Кыргызстанда "Нелегал-2026" иш-чарасынын алкагында миграциялык мыйзамдарды бузган 303 чет өлкөлүк жаран аныкталды.

УКМКнын маалыматы боюнча, 13-августтан 21-августка чейин чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 31 объект текшерилип, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген 1015 жарандын документтери каралды.

Иш-чаранын жыйынтыгында мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаранга жалпы 2 миллион 701 миң 500 сом айып пул салынды. Мындан тышкары, 8 чет өлкөлүк жаранды Кыргызстандын аймагынан чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Өлкөдө мыйзамсыз жүргөн 303 чет өлкөлүк жаран айыпка жыгылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан