Биз социалдык тармакта

Аскат Сулайманов жарнама эрежесин бузганы үчүн жоопко тартылды

Бишкекте патрулдук милиция белгилүү актёр Аскат Сулаймановду Мерседес үлгүсүндөгү унаа айдап бара жаткан жеринен токтотту.

Текшерүүдө унаанын кузовунда тасманын жарнамасы тиешелүү уруксатсыз жайгаштырылганы аныкталган. Патрулдук милиция унаага жарнама чаптоо үчүн мыйзам талаптарына ылайык атайын уруксат керек экенин түшүндүрдү.

Актёр мыйзам бузганын моюнга алып, кечирим сураган. Ага карата протокол түзүлүп, 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан