Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев курулуш министри Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыялады.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, мындай чечим ал жүктөлгөн кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн кабыл алынган.
Буга чейин соцтармактарда "Манас Ордо" комплексинде Орунтаев катышкан чырлуу видео тараган.