Ысык-Көлдө 1 миллион 91 миң 700 сом төлөнбөгөн айып пулу бар айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, ал унаасына жасалма номур тагып жүргөндүктөн токтотулган. Мындан улам ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаа айдоочусу текшерүүгө алынып, анын айып пулдары төлөбөй жүргөнү да такталган.
Натыйжада, жаранга чара көрүлүп, транспорт каражаты айып короого киргизилген.