Биз социалдык тармакта

Өзгөндө аялын сабоого шектелген жаран кармалды

Өзгөн районунда аялын сабап, денесине жаракат келтирген деген шек менен 1978-жылы туулган Ж.Б. аттуу жаран милицияга жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Ош облустук милициясы билдирди.

Маалымдалгандай, 17-августта 1989-жылы туулган Н.Г. денесинен жаракат алып, аймактык ооруканага кайрылган. Бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталды. Алдын ала маалымат боюнча, аял жолдошу тарабынан зомбулукка кабылган.

Учурда жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуянын бардык жагдайлары такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан