Кечээ, 25-августта Кара-Суу районунун Савай каналынан 23 жаштагы жарандын денеси куткаруучулар тарабынан табылды.
ӨКМдин Ош облусундагы башкармалыгы маалымдагандай, маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Белгилей кетсек, бул жаран 24-августта Савай каналына түшүп кетип, куткаруучулар тарабынан издөө иштери жүргүзүлгөн.