Исламабад шаарындагы Пакистан медициналык илимдер институтунун гинекология бөлүмүндө өрт чыгып, кеминде 14 жаңы төрөлгөн ымыркай каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта жергиликтүү Geo News телеканалы билдирди.
Маалыматка караганда, өрт төрөт бөлүмүндөгү ымыркайлар жаткан палатада кондиционердин компрессору жарылгандан улам чыккан.
Окуя болгон учурда бөлүмдө 16 жаңы төрөлгөн ымыркай болгон. Алдын ала маалымат боюнча, алардын экөө гана куткарылган.
Учурда өрт өчүрүлүп, окуянын себептери такталууда.