Жакшы билим – баланын келечегине жасалган маанилүү инвестициялардын бири. Бирок, бир окуу жылына төлөмдү бир учурда төлөө зарылчылыгы үй-бүлө үчүн олуттуу каржылык жүк болушу мүмкүн. DemirBank бир жолку төлөмдүн зарылчылыгынан улам тандалган билимди кийинкиге калтырууга жол бербеген чечимди сунуштайт.
DemirBankтын окуу насыясы жылдык 0% жана комиссиясыз берилет. Анын жардамы менен ата-энелер окууну азыр төлөп, насыянын суммасын акырындык менен – 6, 9 же 12 айдын ичинде кайтарып бере алышат.
Мисалы, эгерде окуунун баасы 200 000 сом болсо, насыя ушул суммага таризделет, натыйжада кардар пайызсыз жана комиссиясыз 200 000 сом кайтарып берет.
Ошентип, ата-энелер окууга толук сумманы дароо эле топтоп отуруунун кажети жок: алар каржылык жүктү бир нече айга бөлүп, баласы үчүн туура мектепти тандоо мүмкүнчүлүгүн сактап кала алышат.

DemirBankтын окуу насыясынын шарттары:
Насыя DemirBankтын өнөктөш мектептеринде окууну төлөө үчүн жеткиликтүү. Мектептердин толук тизмеси, окуу насыясын тариздөө боюнча толук шарттар жана талаптар банктын расмий сайтында жеткиликтүү.