Кыргызстандык ырчы НурЧолпон 31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачат. Бул тууралуу ал кечээ, 25-августта социалдык тармактагы баракчасында билдирген.
Мындан тышкары, ырчы көрүүчүлөргө “The Land of Manas” (Манастын жери) аттуу жаңы чыгармасын жана ага тартылган клибин жакында тартуулай турганын кабарлады.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстандын аймагында өтөт. Анын алкагында спорттук мелдештер менен катар маданий иш-чаралар уюштурулат.