Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында жайгашкан Ыдырыс-Ата тарыхый-маданий зыярат жайын өнүктүрүүгө багытталган эскиздик долбоор даярдалды.
Бүгүн, 26-августта Курулуш министрлиги бул тууралуу билдирип, долбоордун алкагында тарыхый мурасты сактоо, күмбөздүн аймагын көрктөндүрүү жана зыяратчылар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү каралган.
Жалпы аянты 1 гектар болгон аймакты иретке келтирүү жана керектүү инфраструктураны жакшыртуу пландалууда. Учурда долбоор тиешелүү кароо жана макулдашуу жол-жоболорунан өткөрүлүп жатат.