АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы дүйнө жүзү боюнча иммиграциялык визалар боюнча арыздарды кароону убактылуу токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта чет элдик басылмалар жазышууда.
Мамлекеттик департаменттин маалыматына караганда, 25-августтан баштап АКШнын элчиликтериндеги жана консулдуктарындагы кызматкерлер кошумча окуудан өтүп жатышат. Буга байланыштуу айрым визалык маектердин мөөнөтү да жылдырылууда.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын 75 өлкөнүн жарандарына, анын ичинде кыргызстандыктарга иммиграциялык виза берүүнү токтоткон чечими Нью-Йорктогу сот тарабынан жокко чыгарылган. Учурда АКШ өкмөтү бул чечимге апелляциялык арыз бере алат.