Биз социалдык тармакта

Өлкөгө мыйзамсыз товар ташыган схема аныкталды

Өлкөгө мыйзамсыз товар киргизүүгө байланыштуу кылмыштуу схема аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдалгандай, башка жактар реалдуу ишкердик жүргүзбөгөн, номиналдык жана өз ара аффилирленген жактарга катталган 11 юридикалык жакты пайдаланган жаран товарларды өлкө аймагына алып кирип турган.
Тактап айтканда, 2026-жылдын июнь-август айларында аталган субъекттер "Ак-Тилек" товарларды эсепке алуу пункту аркылуу товарлардын наркын төмөн көрсөтүү менен алып кирип, кийин аларды тиешелүү салыктык эсепке алуусуз сатып келишкен. Мындан тышкары, товарларды алып кирүүдө 2024-жылдын 30-апрелинен тартып ишмердүүлүк жүргүзбөгөн субъект катары таанылган жеке ишкердин атынан таризделген жасалма товар коштоочу документтер колдонулган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 220-беренеси (Жалган ишкердик) жана 222-беренеси (Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан