Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Курултайдын биринчи сессиясын 28-августта өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду. Жыйын саат 11:00дө башталарын казакстандык басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, 23-августта өткөн шайлоонун жыйынтыгында "Адилет" партиясы 110 мандат алды. "Ауыл" партиясы 10, "Республика" 9, ал эми "Ак жол" жана Жалпы улуттук социал-демократиялык партиялары 8ден мандатка ээ болушту.
"Байтак" жана Казакстандын элдик партиясы 5 пайыздык босогодон өтө албай, Курултайга кирген жок.