Манас шаарында автоунаадан ок чыгарган эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Жалал-Абад облустук милициясы маалымат берди.
Маалым болгондой, 22-августта алардын видеосу социалдык тармактарга тараган. Бул факт Манас ШИИБине катталып, жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында 2007-жылы туулган У.К. жана 2004-жылы туулган К.К. аттуу эки жаран кармалды.
Учурда алар тергөөгө жеткирилип, окуя боюнча тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.