Биз социалдык тармакта

Ошто милиционерге пара берүүгө шектелип коңшу өлкөнүн жараны кармалды

Ош шаарында коңшу өлкөнүн 46 жаштагы жараны милиция кызматкерине пара берүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу калаа милициясы билдирди.
Маалымдалгандай, ал тиешелүү каттоосу жок жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат берүүчү тиешелүү документтери жок иштеп жүргөн. Натыйжада, ага протокол түзүлүп, мыйзамдуу жүрүүсүн камсыз кылуу үчүн тиешелүү документтерди алуу зарылдыгы эскертилген. Бирок шектүү мыйзамсыз жүрүүнү көздөп акча сунуштаган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголгон. Ошентип шектүү бүгүн, 26-августта Ош шаарынын соту тарабынан 2 айга камакка алынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан