Биз социалдык тармакта

"Менин шаарым" тиркемесине "VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" бөлүмү киргизилди

"Менин шаарым" мобилдик тиркемесинде "VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" аттуу атайын бөлүм ишке киргизилди. Бул тууралуу 26-августта Бишкек шаарынын мэриясы маалымдады.

"ДКО" бөлүмүнөн колдонуучулар оюндардын программасы, мелдештердин убагы, шаттл-автобустардын каттамдары менен таанышып, ошондой эле оюндун ачылыш аземине билеттерди сатып ала алышат.

1-сентябрдан тартып оюндар өтүп жаткан мезгилде Ысык-Көл облусунун аймагында атайын байланыш каналдары жеткиликтүү болот.

Суроолорду тиркеменин "Суроо берүү" бөлүмү аркылуу түздөн-түз берүүгө болот. Колдонуучулар электрондук түрдө кайрылуу калтырып, адистерден керектүү маалыматты ыкчам ала алышат. Ошондой эле 1225 кыска номерине, +996 552 252 037 телефон номерине WhatsApp / Telegram аркылуу кайрылууга болот.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан