Бишкектин түндүк-батыш бөлүгүндө жаңы коомдук эс алуу жайы пайда болот. Бул тууралуу Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кайназаров жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишинде заманбап коомдук мейкиндикти түзүү боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты.
Долбоордо ар кандай курактагы шаар тургундары үчүн эс алуу жана спорт менен машыгууга ылайыктуу шарттарды түзүү каралган. Анын алкагында:
Балдар ойноочу аянтча;
Воркаут зонасы;
Универсалдуу спорт аянтчасы;
Жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар;
Унаа токтотуучу жай;
Жашыл газондор жана бак-дарактар каралат.
Мындан тышкары, аймакка отургучтар, таштанды урналары, оюн жана спорттук жабдуулар, ошондой эле энергияны үнөмдөөчү заманбап көчө чырактары орнотулат.
Учурда долбоор Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрациясына кароого өткөрүлүп берилди.