Бүгүн, 26-августта Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун дайындоо тартиби өзгөрөрүн билдирди.
Маалыматка ылайык, өзгөртүүлөр 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет. Ага ылайык, кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 1 миң сомдон 1 миң 500 сомго чейин көбөйөт.
Мындан тышкары, жөлөкпулга муктаждыкты аныктоодо кошумча критерийлер киргизилет. Тактап айтканда, жеңил автоунаанын пайдалануу мөөнөтү боюнча чектөө 20 жылдан 15 жылга чейин кыскартылат. Ошондой эле эки жана андан көп турак жайы бар үй-бүлөлөр жөлөкпул ала албайт.
Айрым айыл аймактарында жер үлүштөрүнөн жана короо-жай участокторунан түшкөн кирешелерди эсептөө нормативдери жаңыланат.
Министрликтин маалыматына караганда, өзгөртүүлөр жөлөкпулду чындап муктаж болгон үй-бүлөлөргө даректүү берүүгө жана социалдык жардамдын камтуусун кеңейтүүгө багытталган.